Мугалимдердин айлык акысы көбөйтүлгөндө кандай шарттар эске алынаары айтылды
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, Кыргызстанда учурда 93 миң мугалим эмгектенет жана анын 87 миңи мамлекеттик мектептерде иштейт. Алардын орточо эмгек акысы 25 миң сомдон жогорураак деп белгиленген. Буга байланыштуу жана учурдагы инфляцияны эске алып, жакында президент Садыр Жапаров 2026-жылдын 1-апрелинен тартып мугалимдердин айлык акысы көтөрүлөөрүн айтты.
КР Финансы министрлигинин бирдиктер жана маяналарды талдоо башкармалыгынын башчысы Нурадил Карыпбаев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдиргендей, учурда президенттин тапшырмасын аткаруу жаатында иштер жасалып, бюджеттин мүмкүнчүлүгү каралып, каражаттар пландалып жатат токтом долбоорлору иштеп чыгууда.
“Бүгүнкү күндө өлкөдөгү мугалимдердин орточо айлык акысы 26 миңдин тегерегинде болуп жатат. Келерки жылдын апрель айында көтөргөнүбүздө 40 миңдин тегерегине жеткирүү пландалууда. Азыр Агартуу министрлиги менен Финансы министрлиги бул жаатта биргелешкен иштерди алып барып жатабыз”, – деди ал.
Айтымында, мугалимдердин айлык акысы билим даражасына, педагогикалык тажрыйбасына, иштеген жерине (айылда, шаарда же бийик тоолуу, алыскы айылдарда) жараша өлчөнөт.
Андан тышкары мугалимдин кайсы класска – башталгыч, орто же жогорку класска сабак берээри, кайсы предмет боюнча берээри да эсепке алынат.
“Эмгек маянанын өлчөмдөрү коэффициент аркылуу жана базалык ставканы көбөйтүү жолу менен белгиленет”, – деди Карыпбаев.
Мугалимдердин айлык акысы билим дарадащасына пегалоголык тажрыйбасына жараша коюлат. Кайсы жерде иштесе айыл жерге же шаар жерге же бийик толлу алыскы районбу ага жараша эмнек маянанын олчодору белгиленет.
Бир кылка болбойт категнориясы жараша башталгыч класс жогорку орто класска жараша сабагына жараша ченемди укуктук актыларда эмгек маянанын олчомдору белгиленет коэфцинет аркылуу анан базалык ставканы кобойтуу менен аныкталат.
