Кара-Жыгач конушуна 750 орундуу чоң мектеп курулуп жатат
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Бишкек шаарынын Кара-Жыгач конушундагы №91 мектепке 750 орундуу кошумча корпус салынууда.
Объекттин курулушу үстүбүздөгү жылдын март айында башталып, мамлекеттик казынадан каржыланууда. Долбоор боюнча жалпы аянты 8234 чарчы метрди түзгөн үч кабаттуу мектеп курулат. Анда заманбап окуу класстары, китепкана, ашкана, лаборатория, компьютердик класс, жыйындар залы жана бардык шарттары бар спорт зал каралган. Учурда имараттын үчүнчү кабатынын колонналары орнотулууда.
Жаңы мектеп пайдаланууга берилсе, эки нөөмөт менен 2000ге жакын окуучуга билим алууга шарт түзүлөт.
