Оштун мэри жеке менчик мектептерге колдоо күчөтүлөрүн билдирди
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Эл аралык “Кел Бил” мектебинин 5 жылдык мааракесинде сүйлөп жатып, билим берүү тармагында жеке менчик мектептердин орду өзгөчө экенин белгиледи.
Ал кыска убакытта сапаттуу билим берүүнүн үлгүсүн түзө алган “Кел Бил” мектеби бүгүн шаардагы алдыңкы билим берүү мекемелеринин катарына киргенин айтты. Ошондой эле мындан ары да шаар бийлиги тарабынан жеке билим берүү уюмдарына ар тараптуу колдоо көрсөтүлөрүн баса белгиледи.
Маалымат үчүн: “Кел Бил” билим берүү комплекси 2021-жылы негизделген. Мекеме мамлекеттик стандарттын негизинде билим берип, англис тилине, математикага жана STEAM багытына өзгөчө басым жасайт. Окуу-тарбия процесси “Заманбап билим, улуттук тарбия” принцибинин негизинде жүргүзүлөт.
Учурда мектепте 380 окуучу билим алып, 50гө жакын мугалим жана кызматкер эмгектенет. Окуучулар шаардык, республикалык жана эл аралык олимпиадаларга катышып, байгелүү орундарды камсыздап келишет.
