Кыргызстанда базарларда окуу китептерин сатуу фактылары боюнча текшерүү башталды
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин тапшырмасы боюнча укук коргоо органдары өлкө базарларында мектеп окуу китептерин сатуу фактылары боюнча текшерүү баштады. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Тиешелүү тапшырма жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларын камсыздоого арналган окуу адабиятынын базарлардагы соода түйүндөрү аркылуу сатылып жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөндүгүнө байланыштуу берилди.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине, Агартуу министрлигине жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларын акысыз камсыздоого арналган окуу китептеринин эркин сатыкка чыгып кетүү фактысы боюнча кылдат текшерүү жүргүзүү, аталган окуу китептеринин базарга түшүп кетишинин булактарын жана жагдайларын аныктоо, басылып чыгарылган, берилген жана бөлүштүрүлгөн нусканын иш жүзүндөгү көлөмүнүн белгиленген буйрутмаларга жана документтерге шайкештигин текшерүү тапшырылды.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча мыйзамдарда белгиленген тартипте тиешелүү чаралар көрүлөт.
