Ат-Башы районунда жаңы бала бакча салынууда
3 июль

Ат-Башы районунда жаңы бала бакча салынууда

Ат-Башы районуна караштуу Большевик айылында жаңы бала бакчанын курулушу башталды.

Курулуш министрлигинен кабарлашкандай, объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, тендердик баасы 114 млн. сомду түзөт.

Башкы планга ылайык, жалпы аянты 854 чарчы метр болгон эки кабаттуу, 120 орунга ылайыкталган.

Бала бакча бардык керектүү материалдар жана жабдуулар менен камсыздалып, заманбап стандарттарга жооп берет.