www
30 апрель
Кыргызстандын мектептеринде акыркы коңгуроо 29-майда кагылат
Кыргызстандын мектептеринде акыркы коңгуроо 29-майда кагылат. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирет.
Буйрукка ылайык, бүтүрүүчүлөрдөн жана ата-энелерден акча жана башка баалуу каражаттарды чогултууга, ошондой эле мектепте өткөрүлүүчү салтанаттан тышкаркы иш-чараларды уюштурууга тыюу салынат.
Иш-чараны өткөрүү учурунда окуучулардын өмүрү жана ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылуу максатында мектеп аймагында тез күйүүчү, травматикалык фейерверктерди, техникалык жабдууларды жана башка кооптуу каражаттарды колдонууга, ошондой эле экологияга зыяндуу гелий шарларды учурууга жол берилбейт.
