Кыргызстандык окуучулардын PISA 2025 боюнча жыйынтыктары жакында белгилүү болот
2026-жылдын 8-сентябрында Братислава шаарында (Словакия) PISA 2025 эл аралык изилдөөсүнүн жыйынтыктары жарыяланат.
Кыргыз Республикасы PISA изилдөөсүнө буга чейин 2006 жана 2009-жылдары катышкан. Узак тыныгуудан кийин, 2025-жылы Кыргызстан изилдөөгө кайрадан катышып, ага өлкөдөгү 199 жалпы билим берүү уюмунан 7500дөн ашуун окуучу тартылды.
PISA 2025тин жыйынтыктары кыргызстандык окуучулардын алган билимин жана көндүмдөрүн практикада канчалык деңгээлде колдоно аларын көрсөтүп, билим берүү системасынын күчтүү жана системалуу иштөөнү талап кылган багыттарын аныктоого мүмкүндүк берет.
Изилдөөнүн жыйынтыктарын талдоо билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, окутуунун мазмунун, педагогдорду даярдоо жана колдоо ыкмаларын өркүндөтүүгө багыт берет.
Кыргызстан үчүн PISA 2025тин жыйынтыктары 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн баштапкы көрсөткүчү болуп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркул Кендирбаева жана Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин өкүлдөрү Братислава шаарында PISA 2025тин жыйынтыктарын жарыялоого жана талкуулоого арналган аймактык конференцияга катышат.
Ошондой эле иш сапардын алкагында Словакия Республикасынын Билим берүү, изилдөө, өнүктүрүү жана жаштар министри Томаш Друкер менен эки тараптуу жолугушуу өтөт. Мындан тышкары, Түркия Республикасынын, Грузиянын министрлери жана Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолугушуулар өтөт.
