Ош: 62 жыл кызмат кылган мектеп буздурулуп ордуна жаңы имарат салынат
3 март

Ош: 62 жыл кызмат кылган мектеп буздурулуп ордуна жаңы имарат салынат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык Курулуш министрлиги Ош шаарындагы №2 Салижан Жигитов мектебинин ордуна жаңы заманбап мектептин куруу иштерин баштаган.

Учурда 1964-жылы курулган эски имарат буздурулуп, жаңы мектептин жер казуу иштери жүрүп жатат.

Долбоор мамлекеттик казынадан каржыланып, имарат 4 блоктон турган, 4 кабаттуу болуп салынат. Жаңы билим уясы 1200 орунга ылайыкталып, заманбап шарттары каралат.

Мындан сырткары мектептин айланасына футбол, волейбол жана баскетбол оюндары үчүн жайкы аянтчалары да пайда болот.