Шамалдуу-Сай шаарында 300 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди
президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү
26 март

Шамалдуу-Сай шаарында 300 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди

Бүгүн Ноокен районуна караштуу Шамалдуу-Сай шаарындагы №59 “Айгүл” мектепке чейинки билим берүү уюмунун имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, кайрадан пайдаланууга берилди.

Ачылыш аземине Жалал-Абад облусунун башчысы Тилек Текебаев, район акими Таалайбек Ишенбеков жана айыл тургундары катышты.

Аталган бала бакча 1992-жылы курулуп, ошол эле жылы пайдаланууга берилген. Кийинчерээк мекеменин ишмердүүлүгү токтоп, имарат узак убакыт бою каралбай келген.

Капиталдык оңдоп-түзөө иштери республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүп, жалпы 36 млн 900 миң сомдон ашуун каражат жумшалган. Натыйжада имарат толугу менен жаңыланып, заманбап талаптарга ылайык бардык керектүү шарттар түзүлгөн.