Кыргызстанда жашылча өсүмдүктөрүнүн үрөнүн өндүрүү боюнча борбор ачылды
10 сентябрь

Кыргызстанда жашылча өсүмдүктөрүнүн үрөнүн өндүрүү боюнча борбор ачылды

Бүгүн, 10-сентябрда Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин окуу-тажрыйба чарбасынын базасында Жашылча өсүмдүктөрүнүн үрөнүн өндүрүү боюнча окуу-илимий борборунун салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Бул борбор Кыргыз Республикасында жашылча өсүмдүктөрүнүн үрөн өндүрүүчү инфраструктурасын түзүүгө көмөктөшүү боюнча эл аралык долбоордун алкагында, Корея Республикасынын колдоосу менен түзүлдү.

Долбоордун максаты – жашылча өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнүн түшүмдүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу, өлкөнү туруктуу үрөн менен камсыз кылуу системасын түзүү, азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо, илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү жана агрардык тармакта дуалдык билим берүүнүн деңгээлин көтөрүү.

Ачылыш аземине Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, Кыргызстандагы Корея Республикасынын Ыйгарым укуктуу элчиси Ким Кванджэ, ошондой эле Корея Республикасынын Айыл чарба жана айыл иштери министрлигинин өкүлү Мун Кён Дак катышты.

“Бүгүнкү күндө Кыргызстан жыл сайын 250 миң тоннадан ашык ар түрдүү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн колдонот. Бирок бул көлөмдө үрөндөрдүн жогорку репродукциялуу жана элиталык сортторунун үлүшү төмөн бойдон калууда. 

Үрөндөрдүн 20-25% гана заманбап сапат стандарттарына жооп берет. Көп чарбалар азыркы талапка жооп бербеген үрөндөрдүн эски сорттордун пайдаланып жатышат. Ал эми, жашылчанын, көп жылдык чөптөрдүнжана мөмө-жемиштердин үрөндөрүнүнрыногу жакшы деңгээлде өнүгө элек. 

Азыркы учурда республиканын үрөн рыногун чет өлкөлүк гибриддердин генотиптери ээлеген. Өсүмдүктөрдүн ата-мекендик селекциясы жогорку денгээлге жете элек. 

Министрлер Кабинети үрөн секторунда түзүлгөн кырдаалды өзгөртүү боюнча олуттуу кадамдарды жасап жатат. Акыркы жылдары үрөнчүлүктү өнүктүрүү программаларыбекитилип, ченемдик-укуктук базажаңыланып, үрөндү сертификациялоожаатында эл аралык стандарттар киргизилип жатат”, – деп белгиледи өз сөзүндө Бакыт Төрөбаев.

Борбордун ачылышы өлкөнүн агрардык тармагын өнүктүрүүгө чоң салым кошот. Бул борбор аркылуу жогорку квалификациялуу адистер даярдалып, илимий изилдөөлөр өнүгүп, дыйкандар сапаттуу, Кыргызстанда өндүрүлгөн үрөн менен камсыз болот.