иллюстрациялык сүрөт
15 июнь
Жалпы республикалык тестирлөөгө 67 миңден ашуун абитуриент катышты
Жалпы республикалык тесттин (ЖРТ) I жана II этаптарына жалпысынан 67 миң 297 абитуриент катышты. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, алардын ичинен 37 276 абитуриент кыргыз тилинде, ал эми 30 021 абитуриент орус тилинде тест тапшырды.
Ошондой эле 2026-жылдын 19-июнунан 21-июнуна чейин ЖРТнын III этабы өткөрүлөт, ошондуктан абитуриенттердин жалпы саны өзгөрөт.
Белгилей кетсек, ЖРТ 2026-жылдын 17-майынан 23-майына чейин өткөрүлгөн.
