Ош шаарындагы Ак-Тилек кичи районунда 75 орундуу жаңы бала бакчанын курулушу кызуу жүрүүдө
14 июль

Ош шаарындагы Ак-Тилек кичи районунда 75 орундуу жаңы бала бакчанын курулушу кызуу жүрүүдө

Ош шаарындагы Ак-Тилек кичи районунда 75 орундуу жаңы бала бакчанын курулушу кызуу жүрүүдө. Имарат заманбап талаптарга ылайык, акыркы технологиялар менен жабдылып салынып жатат.

Бала бакчанын аянты — 8 сотых жерди түзөт. Эки кабаттуу, жер төлөөсү бар имаратта балдар үчүн бардык шарттар каралган: оюн аянтчалары, отканалар, душ жана санитардык бөлмөлөр, трансформатор, заманбап жабдуулар жана ашкана менен камсыз болот.

Курулуш иштери 2024-жылдын кыш айларында башталган. Алгач эски имарат толук бузулуп, аянты тазаланган. Учурда курулуштун 60% бүткөрүлүп, чатыр жабуу жана ички жасалгалоо иштери жүрүп жатат. Биринчи жана экинчи кабаттардын колонналары орнотулуп, электр монтаж жана шыбак иштери жүрүүдө.

Курулушка күн сайын төрт бригададан турган 20га жакын жумушчу тартылган. Имарат сапаттуу жана узак мөөнөткө кызмат кылуучу курулуш материалдары менен салынып жатат. Бардык иштер адистердин көзөмөлүндө.

Жаңы бала бакча 2025-жылдын октябрь айында пайдаланууга берилет деп пландалууда.