
АКШга студенттик виза тапшырууну пландап жаткан кыргызстандыктар үчүн маалымат
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Америка Кошмо Штаттарына F, M жана J категорияларындагы студенттик жана алмашуу программалары боюнча миграциялык эмес визаларга арыз тапшырууну пландап жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарын АКШ тарабынан киргизилген жаңы талаптар тууралуу кабарлайт.
АКШнын Мамлекеттик департаментинин расмий билдирүүсүнө ылайык, АКШ тарап F, M жана J категорияларындагы визаларга (студенттик жана алмашуу программалары) арыз берген жарандарга текшерүүнүн кеңейтилген жол-жоболору киргизилүүдө.
2025-жылдын 18-июнунан тартып, жогоруда көрсөтүлгөн визаларга арыз берген бардык талапкерлер социалдык тармактардагы аккаунттарынын купуялуулук жөндөөлөрүн “ачык” (жалпы жеткиликтүү) кылып өзгөртүүгө милдеттүү. Бул талап АКШнын миграция мыйзамына ылайык, арыз ээсинин инсандыгын натыйжалуураак аныктоону жана анын өлкөгө кирүү укугун текшерүү максатында киргизилүүдө.
Бул эреже F, M жана J категориясындагы визаларга кайрылган талапкерлерге тиешелүү болуп, визаны берүүгө чейин АКШнын консулдук мекемелери тарабынан жүргүзүлүүчү милдеттүү визалык текшерүүнүн бир бөлүгү болуп саналат.
Талапкерлерге студенттик визага арыз берүү тартиби боюнча расмий маалымат менен төмөнкү шилтеме аркылуу кылдат таанышып чыгуу сунушталат:
https://ais.usvisa-info.com/
Студенттик виза алып, учурда АКШда окуп жаткан жарандардын визалык режимдин талаптарын жана өлкөдө жүрүү мөөнөтүнүн мыйзамдуулугун так сактоосу өтө маанилүү.
Окуу жайдан чыгарылуу, студенттик макамдан ажыроо же окууну токтотуу фактылары АКШ тараптан автоматтык түрдө катталып, бул виза жокко чыгарылышына, макамды узартуудан баш тартууга жана башка укуктук кесепеттерге алып келиши мүмкүн.