Чүйдүн Прогресс айылында 64 жылдан кийин жаңы мектеп салынууда
Курулуш министрлиги
11 май

Чүйдүн Прогресс айылында 64 жылдан кийин жаңы мектеп салынууда

Курулуш министрлиги тарабынан Чүй районундагы Прогресс айылына 275 орундуу жаңы мектеп салынууда.

Министрликтен кабарлашкандай, мектептин наркы 132 миллион сомду түзөт.

Курулуш-монтаждоо иштери 2025-жылдын сентябрь айында башталган, учурда иштердин 45 пайызы аткарылды.

Башкы план боюнча мектеп заманбап үлгүдө курулуп, окуучулардын билим алышы үчүн бардык шарттар каралган. Алсак, негизги окуу класстарынан тышкары китепкана, лаборатория, ашкана, эмгек жана компьютердик класстар, ошондой эле бардык шарттары менен спорт зал каралат.

Курулуш иштеринин ар бир этабы текшерүүдөн өткөрүлүп, Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.

Учурда иштеп жаткан мектеп 1962-жылы 120 орунга ылайыкталып курулган. Бүгүнкү күндө анда 427 окуучу үч нөөмөт менен билим алууда.