Кыргызстан менен Түркия билим берүү, илим жана инновациялар тармагындагы кызматташууну кеңейтет
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинде министр Бактияр Орозов менен Кыргыз Республикасындагы Түркия Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мекин Мустафа Кемаль Өкемдин жолугушуусу болду.
Элчинин жооп иретиндеги сылык сапарынын жүрүшүндө тараптар кыргыз-түрк кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечектеги багыттарын жогорку билим берүү, илим жана инновациялар сыяктуу артыкчылыктуу тармактарда кеңири талкуулашты.
Ошону менен катар, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен Түркия Республикасынын Жогорку билим берүү кеңеши (YÖK) ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду тездетип кол коюу боюнча иштерди активдештирүү макулдашылды.
Аталган документ эки өлкө ортосундагы билим берүү жаатындагы өз ара аракеттенүүнү системалаштырууга жана тереңдетүүгө багытталган.
Мындан тышкары, технопарктарды өнүктүрүү, биргелешкен илимий-техникалык долбоорлорду ишке ашыруу жана эки өлкөнүн инновациялык потенциалын чыңдоо маселелери талкууланды.
