Кыргызстандагы мектептерде психологдор иштей баштайт
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 336 “Билим берүү уюмдарынын болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.
Өзгөртүүлөр өсүп келе жаткан муундун психикалык саламаттыгын сактоо жана чыңдоо үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында кабыл алынды.
Токтомго ылайык, жалпы билим берүү уюмдарынын болжолдуу типтүү штаттарына психолог кызмат орду киргизилди. Психологдун штаттык бирдиги окуучулардын санына жараша белгиленет: окуучулардын саны 275ке чейин (кошо алганда) болгон жалпы билим берүү уюмдары үчүн – 0,25 штаттык бирдик, 276дан 550гө чейин – 0,5 штаттык бирдик, ал эми 551 жана андан көп окуучусу бар жалпы билим берүү уюмдары үчүн – 1 штаттык бирдик каралган.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
