Эл аралык информатика олимпиадасында кыргызстандык окуучулар 16 медаль жеңди
2026-жылдын 15–17-апрель күндөрү IATI 2026 эл аралык информатика олимпиадасы онлайн форматта өттү. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирет.
Мелдешке дүйнөнүн 12 өлкөсүнөн жүздөгөн окуучулар катышып, Кыргызстандын курама командасы мыкты жыйынтык көрсөттү. Жалпы эсепте окуучуларыбыз 3 алтын, 5 күмүш жана 8 коло медаль багындырышты.
Senior категориясында 12 өлкөдөн 285 окуучу катышты. Кыргызстандан 16 окуучу күч сынашып, жыйынтыгында 1 алтын, 2 күмүш жана 6 коло медаль жеңип алышты.
Жеңүүчүлөр:
1-орун Бобрус Ян – “Газпром Кыргызстан” мектебинин 10-классынын окуучусу, даярдаган мугалимдери: Кичак Евгений, Ишматов Мамат, Алмазбеков Бексултан, Игнатьев Анатолий
2-орун – Нурислам Карипжанов - Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 11-классынын окуучусу
2-орун – Али Арапов – “Сейтек СТЕМ” мектебинин 10-классынын окуучусу
3-орун – Рамазан Мананов – “Сейтек СТЕМ” мектебинин 10-классынын окуучусу
3-орун – Алихан Айдарбеков – “Сейтек СТЕМ” мектебинин 12-классынын окуучусу
3-орун – Али Алмазов – Жайыл Баатыр атындагы Сапат лицейинин 10-классынын окуучусу
3-орун – Абдуллахан Абдирасулов – “Сейтек СТЕМ” мектебинин 10-классынын окуучусу
Окуучуларды даярдаган мугалими: Кылычбек Урайымов
3-орун – Аруубек Баймырзаев – “Акылман” президенттик лицейинин 9-классынын окуучусу
3-орун – Актан Мавлянов – “Intellect Pro School” мектебинин 9-классынын окуучусу
Окуучуларды даярдаган мугалими: Медербек Осмонов.
Junior категориясында (2011-жылы же андан кийин төрөлгөн окуучулар) 12 өлкөдөн 155 окуучу катышты. Кыргызстандан 16 окуучу катышып, 2 алтын, 3 күмүш жана 2 коло медаль утушту.
Жеңүүчүлөр:
1-орун – Эмирхан Сыдыкбаев – “Газпром Кыргызстан” мектебинин 8-классынын окуучусу
2-орун – Арлан Саят – “Газпром Кыргызстан” мектебинин 8-классынын окуучусу
2-орун – Ариет Акимов – “Газпром Кыргызстан” мектебинин 8-классынын окуучусу
3-орун – Жаратов Нурмухаммед –- ОК “Маариф” мектебинин 8-классынын окуучусу
Окуучуларды даярдаган мугалимдери: Кичак Евгений, Ишматов Мамат, Алмазбеков Бексултан, Игнатьев Анатолий
1-орун – Бектен Абдувалиев – Ош шаарындагы International School of Kyrgyzstan мектебинин 8-классынын окуучусу
Даярдаган мугалимдери: Мирбек Бакиров, Кылычбек Урайымов
2-орун – Азирет Исраилов – “Intellect Pro School” мектебинин 9-классынын окуучусу
3-орун – Айназик Жусупова – “Intellect Pro School” мектебинин 8-классынын окуучусу
Окуучуларды даярдаган мугалими: Медербек Осмонов
Кыргызстандын курама командасынын мындай ийгилиги өлкөбүздүн жаш информатиктеринин эл аралык деңгээлдеги атаандаштык мүмкүнчүлүгү жогорулап жатканын дагы бир жолу тастыктады.
