Мектепте мыйзамсыз акча чогултуу. Айрым мугалимдер жумуштан бошотулду
3 июнь

Мектепте мыйзамсыз акча чогултуу. Айрым мугалимдер жумуштан бошотулду

Апрель айында айрым мектептерде ата-энелерден мыйзамсыз түрдө акча чогултуу фактылары аныкталган. Бул учурлар боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп, айрым мугалимдер жумуштан бошотулуп, бир нече эпизод боюнча материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Кыргызстандын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.

Министрдин айтымында, мамлекет мектептерди оңдоо жана күтүү чыгымдарын нормативдик каржылоонун алкагында толук камсыздайт. Ошондуктан ата-энелерден кандай гана болбосун акча чогултууга тыюу салынат.

«Биз акча чогултууга таптакыр жол бербейбиз. Мамлекет нормативдик каржылоонун негизинде оңдоо иштерине кеткен бардык чыгымдарды жабат. Ошондуктан ата-энелерден акча чогулткан мектеп жетекчилерине жана мугалимдерге карата катуу чаралар көрүлөт», — деди Кендирбаева.

Ал белгилегендей, аныкталган мыйзам бузуулар бирин-серин учурлар болуп, негизинен Бишкек шаарындагы мектептерде катталган. Бардык фактылар көзөмөлгө алынып, андан аркы териштирүү үчүн материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.