www
3 июнь
Талиева мектептеги ремонт иштерин мугалимдерге жүктөө дагы деле уланып жатканын билдирди
Жайкы каникулда мектептерди ремонттоо иштерине республикалык бюджеттен акча которулганына карабай, дагы деле бул түйшүк мугалимдерге жүктөлүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева билдирди.
“Мектептердеги ремонт иштеринин каржы маселеси чечилген, республикалык бюджеттен бөлүнөт. Бирок бардык жерде бирдиктүү система кирбей жатат. Дагы деле айрым мектептерде предметтен берген мугалимдерге ар бири өз кабинетин оңдоодон өткөрүү милдети жүктөлүптүр. Болбосо ремонт жасаган жумушчулар үчүн дагы акча бөлүнгөн”, – деди депутат.
Ал мугалимдер ремонт иштери менен эмес, окуу жана тарбия иштери менен гана алек болушу керектигин кошумчалады.
