Instagram жана TikTok Кыргызстанда жаштар арасындагы онлайн-агрессиянын башкы зонасы аталды
Кыргызстанда дээрлик ар бир экинчи жаш адам кибер-жек көрүүчүлүккө дуушар болот, а Instagram менен TikTok респоденттер тарабынан публикалык агрессиянын бир топ байкалаарлык аянтчасы катары аталды.
Сентябрда, каникулдан кийин мектеп жашоосу башталганда балдардын коопсуздугу биринчи планга чыгат. Бирок бүгүнкү күндө баланы бир гана мектепте же көчөдө гана эмес, жеке смартфонунда да коргоо зарыл.
Кыргызстанда акыркы жылдары дээрлик ар бир экинчи өспүрүм жана улан-кыз кибер-жек көрүүчүлүккө дуушар болгон, 15-18 пайызы үчүн онлайн-агрессия дайыма боло турчу көрүнүшкө айланган.
Мындай маалыматтар “Таалим-Форум” коомдук фондунун 2025-жылы жасалган изилдөөсүндө айтылат. Ага өлкөнүн бардык райондорундагы, Бишкек жана Оштогу 128 окуу мекемелеринен 12 жаштан 25 жашка чейинки 2 096 адам катышкан.
84%дан ашуун респодент күн сайын эки сааттан төрт саатка чейин интернетте отурат. Эң популярдуу платформаларга WhatsApp, YouTube жана Instagram айланган, а **Instagram менен TikTok платформаларын изилдөөнүн катышуучулары коомчулук тарабынан эң катуу кастык көрсөтүлгөн зона деп аташкан.
Кыздарды көбүнчө сырткы келбети үчүн сынга алышат
Онлайн-агрессия жыныска жараша айырмаланып турат.
Сырткы келбети үчүн дайыма же кез-кезде 33,3% кыз жана 21,1% улан сынга кабылышкан. Кыздардын 17,1%ы үзгүлтүксүз жек көрүүгө кабыларын билдиришкен, ал эми уландарда бул көрсөткүч 9,3%ды түзгөн.
Сексуалдашкан агрессия дагы көп учурда кыздарга каршы багытталат. Уландар, өз кезегинде, улутуна, социалдык абалына же саясий көз карашына байланыштуу асылууларга көбүрөөк туш болушат.
Изилдөө ошондой эле реалдуу жашоодогу жана онлайн мейкиндиктеги куугунтуктоонун ортосундагы тыгыз байланышты аныктады. Мектепте башталган конфликт социалдык тармактарда жана мессенджерлерде уланып кетүүсү аз эмес, а онлайн-куугунтуктоо офлайнга айланып кетиши мүмкүн.
Ошол эле учурда сурамжылоого катышкандардын ар бир төртүнчүсү – 25,1%ы – өзү деле жок дегенде бир жолу агрессивдүү же кемсинткен контентти жарыялаганын моюнуна алды.
Кибербуллинг деген эмне
Кибербуллинг – бул адамга социалдык тармактардын, мессенджерлердин, оюн платформаларынын жана башка санарип сервистеринин жардамы менен психологиялык басым жасоо, куугунтуктоо же аңдуу.
Ал кемсинткен комментарийлер жана билдирүүлөр, имиш кептерди таратуу, шылдыңдаган фотосүрөттөр же видео, коркутуу, шантаж, адамдын макулдугусуз персоналдык маалыматтарды жарыялоо же онлайн-коомчулуктан атайылап чыгарып салуу болушу мүмкүн.
Эгер агрессия жана куугунтуктоо узак убакытка созулса, адамга андан жада калса үйүндө да кутулууга мүмкүн эместей сезилет – смартфон куугунтуктоонун күнү-түнү улантышына шарт түзөт.
Ошондуктан адистер эскертишет: кибербуллингди “интернеттеги кадимки уруш” катары карабаш керек. Эмоционалдык кесепеттер жабырлануучу үчүн реалдуулукка айланып кетиши ыктымал.
Баланы интернетте куугунтуктап жатышса, эмне кылуу керек
Башкысы – көйгөй менен жалгыз калбоо.
Бала болуп жаткан нерселер жөнүндө ата-энесине, мугалимине, мектеп психологуна же өзү ишенген кайсы бир улуу адамга айтышы керек.
Агрессор менен узак убакыт айтышуу же ага так өзүндөй жооп берүүгө аракет кылуу сунушталбайт.
Куугунтуктоонун далилдерин сактоо маанилүү – билдирүүлөрдүн скриншотун, комментарийлерди, баракчаларды жана жазышууларды. Андан соң агрессорду бөгөттөп жана социалдык тармактын же платформанын администрациясына даттануу жөнөтсө болот.
Эгерде физикалык зомбулук көрсөтүү коркунучу, опузалоо, акча талап кылуу же жеке мүнөздөгү материалдарды же жеке маалыматтарды таратуу сыяктуу аракеттер орун алса, улуулардан, ал эми зарыл болгон учурда укук коргоо органдарынан жардам суроо керек.
Ата-энелер телефонду тартып алуу менен гана чектелбеши керек
Эгер бала куугунтуктоо тууралуу айтса, ата-эненин биринчи реакциясы өтө маанилүү.
Болуп өткөн окуя үчүн аны айыптоого же дароо эле телефон колдонууга тыюу салууга болбойт. Телефондон же социалдык тармактарга жеткиликтүүлүктөн айрылып калуудан корккон бала кийинки жолу мындай көйгөйлөрдү жашырып баштайт.
Жакшысы, эмне болгонун тынч териштирүү, далилдерди сактоо, агрессорду бөгөттөөгө жардам берүү керек жана бул боюнча кимге билдирүү зарыл экендигин чогуу чечүү маанилүү.
Жүрүм-турумдун капысынан өзгөрүп кетишине өзгөчө көңүл буруу керек – мектепке баргысы келбегендик, билдирүү алгандан кийин тынчсыздануу, уйкунун бузулушу, кыжырдануу, түнт тартуу же социалдык тармактардан күтүүсүз баш тартуусу.
Кыргызстанга балдарды тармактарда коргоону күчөтүү сунушталат
Изилдөө авторлору Кыргызстандын мыйзамдары азырынча онлайн-зордук-зомбулук көйгөйүн жарым-жартылай гана камтыйт деп белгилешет. Өлкөдө кибербуллингдин өзүнчө юридикалык аныктамасы жок.
Сунуштардын катарында ченемдик базаны өркүндөтүү, мугалимдерди жана мектеп психологдорун даярдоо, санариптик этика программаларын өнүктүрүү, психологиялык жардам механизмдерин түзүү жана IT-компаниялар менен кызматташуу бар.
Кыргыз тилинде жек көрүү тилин аныктоочу технологияларды өнүктүрүү өзүнчө сунушталат.
Кыргызстандагы мектептерде 1,5 миллиондон ашык бала билим алаарын эске алганда, баланы коргоодо санариптик чөйрөдөгү коопсуздук мектептеги коопсуздук сыяктуу эле маанилүү бөлүккө айланууда.
Ачкыч сөздөр: Кыргызстанда кибербуллинг, онлайн-агрессия, балдардын интернеттеги коопсуздугу, балдардын киберкоопсуздугу, социалдык тармактардагы өспүрүмдөр, Instagram, TikTok, санариптик зомбулук, кибержек көрүү, балдарды тармакта коргоо, Таалим-Форум, санариптик маданият, мектептеги буллинг, окуучулардын коопсуздугу, интернеттеги зомбулук.
