Кыргызстан менен Казакстан жүк ташуучулар үчүн тоскоолдуктарды азайтуу маселесин талкуулады
Кыргызстандын транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Казакстандын элчиси Абылкаир Скаков менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Жолугушууда Кыргызстан менен Казакстандын транспорт тармагындагы эки тараптуу кызматташтыгын өнүктүрүү, транзиттик жана мультимодалдык транспорттук коридорлорду кеңейтүү, чек арадан өтүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана жүк ташуучулар үчүн административдик тоскоолдуктарды азайтуу маселелери талкууланды.
Сөз учурунда министр Талантбек Солтобаев элчини жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, эки өлкөнүн транспорт тармагындагы кызматташтыгын мындан ары да өнүктүрүү маанилүү экенин баса белгиледи.
Тараптар Алматы–Ысык-Көл альтернативдүү жолун куруу долбооруна өзгөчө көңүл бурушту. Кыргыз тарап Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен иштелип жаткан долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин (ТЭН) аягына чыгарууну сунуштады.
Мындан тышкары, жолугушууда Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда e-Permit электрондук уруксат системасын киргизүү боюнча иштер талкууланды.
Ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы жүргүнчүлөрдү ташууну өнүктүрүү, өткөрмө пункттарында жүргүнчүлөрдү жана багажды тариздөөгө кеткен убакытты кыскартуу, электрондук документ жүгүртүүнү киргизүү маселелери каралды.
Жолугушуунун соңунда тараптар транспорт тармагындагы кызматташтыкты мындан ары бекемдөө жана эки өлкө үчүн маанилүү долбоорлор боюнча биргелешкен иштерди улантуу боюнча пикир алышты.
