Кыргызстандык жаран кандай учурда Россия Федерациясынан депорт болот?
Россия Федерациясында мигранттар үчүн мыйзамдар барган сайын катаалдашып, коюлган талаптар күчөөдө. Мындан улам орус жергесинде иштеген кыргызстандык жарандардын саны азайып баратат.
Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин бөлүм башчысы Эркинбек Каримовдун “Биринчи радиого” берген маегинде белгилүү болду.
Айтымында, 2026-жылдын 1-октябрына карата башка өлкөлөрдө иштеп жүргөн кыргызстандыктарджын жалпы саны 837 812 адамды түзөт жана анын 584 484ү Россияда.
“Азырынча Россияда “ruID” уюлдук тиркемеси аркылуу өлкө аймагына кирип-чыгууларды көзөмөлдөө боюнча эксперимент жүргүзүлүүдө. Муну орус тарап бизге миграциялык агымдарды, процесстерди контролдоо максатында киргиздик деп түшүндүрүшкөн. Андан тышкары “Амина” тиркемеси бар, бул азырынча Москва шаары жана Москва облусунда тиешелүү. Бирок Россиянын тиешелүү кызматтары бул тиркеме келечекте Россиянын бардык аймагына жайылтылаарын айтышкан”, - деди ал.
Каримов белгилегендей, 1-сентябрдан тартып мигранттарга медициналык текшерүүдөн өтүү боюнча талаптар өзгөртүлгөн. Ага ылайык, эми Россия жергесине барган чет өлкөлүк 30 күндүн ичинде медициналык текшерүүдөн өтүшү керек. Негизги текшерүүлөр – жугуштуу ооруларга, ВИЧ жана кургак учукка. Андан тышкары баңгизат колдонбой турганын аныктоо максатындагы текшерүү да бар.
Ошондой эле Каримов кошумчалагандай, 3-ноябрдан тартып Укук бузуулар кодексине киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирген. Ага ылайык, эгерде чет өлкөлүк майда бейбаштык кылса, митингге катышса, орус армиясын дискредитациялоо аракетин көрсө, баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүү аракетине кошулса – булардын баары Россиянын аймагынан чыгарылышына негиз болуп берет.
