Стационарга дарыгердин жолдомосу жок өз алдынча кайрылса болобу?
Иллюстрациялык сүрөт
23 ноябрь

Стационарга дарыгердин жолдомосу жок өз алдынча кайрылса болобу?

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) 113 шыр байланышына жарандар стационардык медициналык уюмга (ооруканага) жаткыруу үчүн үй-бүлөлүк дарыгердин жолдомосу сөзсүз түрдө керекпи? Өз алдынча кайрылууга болобу жана мындай учурда медициналык жардам кандай шарттарда көрсөтүлөт? – деген суроо менен көп кайрылышат.

Мунун бардыгы медициналык жардамдын түрүнө жана бейтаптын ден соолугунун абалына жараша болот.

Шашылыш медициналык жардамга – жолдомо талап кылынбайт 

Эгер адамдын абалы шашылыш медициналык кийлигишүүнү жана тез жардам көрсөтүүнү талап кылса, мындай медициналык жардам бардык жарандарга — милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ММК) полисинин же дарыгердин жолдомосунун бар-жогуна карабастан — бейтаптын өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч туудурган абал жоюлганга чейин акысыз көрсөтүлөт.

Пландуу медициналык жардам — белгиленген тартип боюнча көрсөтүлөт.

Эгерде ден соолугуңуздун абалы шашылыш медициналык жардамды талап кылбаса, анда алгач өзүңүз катталган Үй-бүлөлүк медицина борборундагы (ҮМБ) же Жалпы практика борборундагы (ЖДПБ) үй-бүлөлүк дарыгериңизге кайрылуу сунушталат. Үй-бүлөлүк дарыгер сизди кароодон өткөрүп, текшерүүлөрдү, зарыл болгон учурда адистештирилген дарыгерлердин консультациясын дайындайт жана стационарда андан ары дарылануу үчүн жолдомо берет.

Эгер стационарга жолдомосу жок кайрылсаңыз, эмне болот?

Эгерде стационарга жолдомосу жок өз алдынча кайрылса жана шашылыш ооруканага жаткырууга медициналык көрсөтмөлөрү жок болсо, анда бейтап жеңилдиктеринин жана ММК полисинин бар-жогуна карабастан, кошумча төлөмдүн эң жогорку өлчөмүн төлөйт.

Эгерде Сизде медициналык жардам алуу тартиби, кошумча төлөм шарттары же камсыздандырылган жарандардын укуктары боюнча суроолор жаралса, ММК фондунун күнү-түнү иштеген акысыз 113 шыр байланышына кайрылсаңыз болот.