Кыргызстанда жыл аягына чейин айыл чарба тармагында дагы 42 ишкана ачылат
сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалды
15 сентябрь

Кыргызстанда жыл аягына чейин айыл чарба тармагында дагы 42 ишкана ачылат

Кыргызстанда 2026-жылдын аягына чейин айыл чарба жана кайра иштетүү тармагында дагы 42 ишкананы ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу «Биринчи радио» эфиринде Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Аман Бакиров билдирди.

Анын айтымында, быйыл жалпысынан 75 ишкананы ишке киргизүү пландалган. Бүгүнкү күнгө чейин алардын 33ү пайдаланууга берилди.

12-сентябрда эле өлкө боюнча тогуз ишкана ачылды. Алардын арасында кайра иштетүүчү ишканалар жана соода-логистикалык борборлор бар.

Талас облусунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишкана жана кондитердик цех ишке кирди. Чүй облусунда эки ишкана ачылып, алардын бири асыл тукум канаттууларды өстүрүү багытында иш алып барат.

Баткен облусунда мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү муниципалдык ишкана иштей баштады. Ошондой эле айыл чарба продукцияларын сактоо жана жашылча-жемиштерди тез тоңдуруу багытында жаңы объектилер ачылды.

Бакировдун айтымында, программанын алкагында соода-логистикалык борборлорду өнүктүрүүгө да басым жасалат. 2026-жылы жалпысынан 12 мындай объектти ачуу каралган.

«Бизге түшүмдү гана өстүрүү жетишсиз. Аны кайра иштетип, таңгактап, сактап, логистиканы жолго коюу керек», – деди ал.