Комитет Жогорку соттун судьясын кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу сунушун колдоп берди
Жогорку Кеңеш
15 сентябрь

Комитет Жогорку соттун судьясын кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу сунушун колдоп берди

Бүгүн, 15-сентябрдагы Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Абылай Мухамеджановду каза болгондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызмат ордунан бошотуу маселеси каралды.

Өлкө башчысынын тиешелүү сунушун президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү окуп берди.

Жыйынтыгында комитет сунушту колдоого алды.

Андан тышкары жыйында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору да биринчи окууда каралып, жактырылды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Алмас Мусаевдин айтымында, аталган мыйзам долбоору сейрек кездешүүчү жана баалуу жапайы дары өсүмдүктөрүн, ошондой эле сейрек кездешүүчү жана жок болуу коркунучу алдында турган жаныбарларды тийиштүү укуктук коргоону камсыз кылуу менен биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча чараларды күчөтүүгө багытталган.