Курулуш министрлиги
15 сентябрь
Ысык-Көл облусунун Ала-Баш айылында 225 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди
Ысык-Көл облусунун Ала-Баш айылындагы жаңы мектептин ачылыш аземи болуп өттү.
Курулуш министрлигинен кабарлашкандай, эки кабаттуу жаңы мектеп 225 окуучуга ылайыкталган. Эгер эки нөөмөт менен окуй турган болсо анда 500гө жакын окуучу билип ала алат.
Долбоордун алкагында башталгыч жана жогорку класстардын окуучулары үчүн заманбап билим алууга бардык зарыл шарттар каралган.
Мектептин курулуш иштери Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан жүргүзүлүп, объект жаңы окуу жылына толук даярдалды.
Жаңы мектептин пайдаланууга берилиши Ала-Баш айылынын балдары үчүн сапаттуу жана жеткиликтүү билим алууга шарт түзүп, айылдагы билим берүүнү жакшыртууга өбөлгө болот.
