Кыргызстан менен Германия билим берүү тармагындагы кызматташтыкты талкуулады
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева бүгүн, 18-ноябрда Германиянын Кыргызстандагы элчиси Моника Ленхард менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Германиянын билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташтык маселелерин, анын ичинде мектеп жана кесиптик билим берүүдөгү учурдагы абалды жана келечектеги өнүгүү багыттарын талкуулады.
Министр Элчини Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, өлкөнүн 12 жылдык билим берүү системасына этап-этабы менен өтүү процессинин жүрүшү тууралуу маалымат берди.
Өз кезегинде Моника Ленхард алдыдагы демилгелер жана сунуштар боюнча биргелешип иштөөгө даяр экенин белгиледи.
