Өзгөн районунун Кара-Такыр айылындагы 150 орундуу жаңы мектеп салынды
Курулуш министрлиги
29 апрель

Өзгөн районунун Кара-Такыр айылындагы 150 орундуу жаңы мектеп салынды

Өзгөн районунун Кара-Такыр айылындагы 150 орундуу Т. Жоробеков атындагы мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты.

Долбоор мамлекеттик бюджеттен каржыланып, жалпы наркы 109,5 миллион сомду түздү. Курулуш иштери 2024-жылдын декабрь айында башталган.

Башкы планга ылайык, жаңы мектептин жалпы аянты 1282 чарчы метрди түзүп, эки кабаттуу имараттан турат. Анда заманбап окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, компьютердик класс, эмгек кабинеттери жана спорт залы каралган. Учурда эмеректерди жайгаштыруу иштери жүргүзүлүүдө.

Курулуш-монтаждоо иштерин «Улар Транс» ЖЧКсы аткарып, курулуштун ар бир этабы Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөндү.