Ош шаарында «Ала-Тоо жазы–2026» кароо сынагы башталды
Ош мэриясы
29 апрель

Ош шаарында «Ала-Тоо жазы–2026» кароо сынагы башталды

Бүгүн, 29-апрелде Ош мамлекеттик университетинде (ОшМУ) «Ала-Тоо жазы–2026» кароо сынагынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков, ОшМУнун өкүлдөрү жана студенттер катышты.

Фестивалдын жүрүшүндө студенттер төрт багыт боюнча – вокал, классикалык аспаптарда аткаруу, фольклордук өнөр жана хореография боюнча күч сынашат. Катышуучулардын өнөрүн калыстар тобу баалайт. Бүгүн сынактын биринчи баскычы өтүүдө. Анын жыйынтыгында ар бир жогорку окуу жайдан мыкты командалар тандалып, кийинки баскычка жолдомо алышат. Финалдык этабында алар кайрадан өз өнөрлөрүн тартуулашат.

«Ала-Тоо жазы» фестивалы 1966-жылдан бери өткөрүлүп келе жатат. Кароо сынак Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулуп, анын негизги максаты – искусство тармагындагы жаш таланттарды аныктоо жана колдоо болуп саналат. Уюштуруучулардын белгилөөсүндө, бул жөн гана сынак эмес, чыгармачыл жаштар аркылуу өлкөнүн жаңы маданий келечегин калыптандыруучу маанилүү аянтча.

Белгилей кетсек, сынакка өлкөнүн жогорку окуу жайларынан, институттардан жана колледждерден жалпы 14 команда катышууда.