ШКУ өлкөлөрүнүн окуучулары жаш окумуштуулардын эл аралык лагеринде илимий изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын тааныштырды
19 июль

ШКУ өлкөлөрүнүн окуучулары жаш окумуштуулардын эл аралык лагеринде илимий изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын тааныштырды

Бүгүн, 19-июлда, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан уюштурулган Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин жаш окумуштууларынын эл аралык лагеринин алкагында катышуучулар өздөрүнүн илимий-изилдөө долбоорлорунун жыйынтыктарын сунушташты.

Лагердин жүрүшүндө ШКУ өлкөлөрүнүн жогорку класстын окуучулары окумуштуулардын жана менторлордун жетекчилиги алдында эл аралык командаларда иш алып барышты. Алар изилдөөлөрдү жүргүзүп, маалыматтарды талдап, заманбап глобалдык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган илимий чечимдерди сунушташты.

Катышуучулар төмөнкү беш багыт боюнча изилдөө долбоорлорун жакташты:

- Биомедицина – бактериялык биоплёнкалардын антибиотиктерге туруктуулугун изилдөө жана инфекцияларды дарылоонун натыйжалуулугун жогорулатуу жолдорун издөө.

- Экологиялык химия – сууну оор металлдардан тазалоо үчүн биокөмүрдүн негизинде көмүртектүү адсорбенттерди иштеп чыгуу.

- Кайра жаралуучу энергетика – энергия өндүрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында жаратылыш механизмдеринен шыктанган шамал турбиналарынын биомиметикалык канаттарын долбоорлоо жана сыноо.

- Суу алдындагы робототехника – суу объектилерин изилдөө жана суу алдындагы картографиялоо үчүн автономдуу гидролокациялык кайыктарды түзүү.

- Астро-дата-сайенс – NASAнын космостук миссияларынын ачык маалыматтарынын негизинде экзопланеталарды издөөдө жасалма интеллект технологияларын колдонуу.

Жыйынтыктоочу презентациянын жүрүшүндө окуучулар изилдөөлөрдүн жүрүшү тууралуу айтып берип, алынган жыйынтыктарын көрсөтүштү жана эксперттердин суроолоруна жооп беришти. Долбоорлор биология, химия, инженерия, робототехника, программалоо жана жасалма интеллект багыттарындагы билимдерди айкалыштырып, катышуучулардын даярдыгынын жогорку деңгээлин жана заманбап илимий маселелерди чечүү жөндөмүн көрсөттү.

ШКУга мүчө мамлекеттердин жаш окумуштууларынын эл аралык лагерине беш өлкөдөн 68 окуучу катышты:

• Кыргыз Республикасы - 15 катышуучу;
• Кытай Эл Республикасы – 15 катышуучу;
• Өзбекстан Республикасы – 15 катышуучу;
• Тажикстан Республикасы – 13 катышуучу;
• Россия Федерациясы – 10 катышуучу.

Лагердин илимий багыттагы иштерин 14 профессор жана ментор жетектеп, катышуучуларга кеңеш берип турушту.

ШКУнун жаш окумуштууларынын эл аралык лагери тажрыйба алмашуу, изилдөө көндүмдөрүн өнүктүрүү жана ШКУга мүчө мамлекеттердин жаштарынын ортосундагы илимий кызматташтыкты бекемдөө үчүн маанилүү аянтча болуп калды.