Бишкекте айдоочуларды даярдоо системасын реформалоо маселеси талкууланды
Бишкекте 17-ноябрда агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын жетекчилиги алдында айдоочуларды окутуу жана даярдоо системасын реформалоо боюнча жумушчу жыйын өттү.
Ведомстводон кабарлашкандай, жыйында айдоочуларды даярдоо боюнча Мамлекеттик билим берүү стандартынын долбоору, ошондой эле окуу пландарынын жана сунушталган окуу сааттарынын көлөмдөрүнүн долбоорлору сунушталды.
Жыйынга айдоочуларды даярдоо маселелери боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү, Кыргыз билим берүү академиясынын, Республикалык илимий-методикалык борбордун, Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун өкүлдөрү, ошондой эле баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын жетекчилери катышты.
Министр Догдуркүл Кендирбаева заманбап окутуу материалдарын камтыган толук кандуу окуу-методикалык комплексти иштеп чыгуу зарылдыгын баса белгиледи.
