Кыргызстандын окуучулары Эл аралык биология олимпиадасында эки коло медаль жеңип алышты
Кыргызстандын окуучулары дүйнөдөгү эң абройлуу 37-Эл аралык биология олимпиадасында (International Biology Olympiad – IBO 2026) эки коло медаль жана бир ардак грамота жеңип алышты.
Эл аралык олимпиада 2026-жылдын 12–19-июль күндөрү Литванын Вильнюс шаарында болуп өттү.
Медаль жана ардак грамотага ээ болгон окуучулар:
Атахан Исираев – Ысык-Көл облусундагы «Кут Билим» окуу-тарбия комплексинин 11-классынын окуучусу, коло медаль. Машыктыруучу мугалими – Асхатбек Темиркулов.
Улукбек Русланбеков – «Сейтек-СТЕМ» билим берүү мекемесинин 10-классынын окуучусу, коло медаль. Машыктыруучу мугалими – Эльбрус Тажибаев.
Ирина Разводовская – «Маариф» билим берүү мекемесинин 11-классынын окуучусу, ардак грамота. Машыктыруучу мугалими – Арсений Виноградов.
Биология боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын жетекчилери – Даян Мелисов жана Бактынур Ажибаев.
