Бишкекте мектеп директорлору менен жыйын өтүп, бир катар тапшырмалар берилди
Бишкектеги №75 мектептин базасында бүгүн мэрдин орун басары Виктория Мозгачёва жана Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева борбор калаанын мектеп директорлору менен жыйын өткөрүштү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери, төрт райондун билим берүү башкармалыгынын башчылары жана мектеп жетекчилери катышты.
Жыйындын жүрүшүндө аттестаттарды берүү боюнча уюштуруу иштери, акча чогултуунун алдын алуу чаралары, мектептердеги учурдагы оңдоолорду көзөмөлдөө процесси жана башка маселелер каралды.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча мектеп директорлоруна тиешелүү тапшырмалар берилди.
