Министр Бактияр Орозов БУУнун Туруктуу координатору Антье Граве менен жолугушуу өткөрдү
6 август

Министр Бактияр Орозов БУУнун Туруктуу координатору Антье Граве менен жолугушуу өткөрдү

Кыргыз Республикасынын илим, жогору билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозов БУУнун Кыргызстандагы Туруктуу координатору Антье Граве менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр 2025-жылдын май айында түзүлгөн жаңы министрлик тууралуу маалымат берип, анын негизги максаты — билим, илим жана инновацияны бирдиктүү экосистема катары өнүктүрүү экенин белгиледи.

Тараптар министрликтин ыйгарым укуктарына кирген багыттар боюнча кызматташтыктын келечегин талкуулашты. Алардын катарында илим, жогорку жана кесиптик билим берүү, инновациялар жана интеллектуалдык менчик маселелери бар.

Министрлик БУУнун системасы менен өнөктөштүктү кеңейтүүгө, айрыкча төмөнкү багыттар боюнча кызыктар экенин билдирди: илимий изилдөөлөрдү колдоо, билим берүү системасын санариптештирүү, STEM тармагын өнүктүрүү, интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо жана инновацияларды илгерилетүү.

Тараптар Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнө багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга өз ара кызыкдар экенин белгилешти.