Министр Медакадемиянын контракттык негизде билим алган бүтүрүүчүлөрүн да мамлекеттик ооруканаларда иштөөгө милдеттендирүүнү сунуштоодо
Кыргызстанда дарыгерлердин айлык акысы аз, бирок бул саламаттыкты сактоо кызматкерлерине таандык жалгыз көйгөй эмес. Бул боюнча Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев билдирди.
Айтымында, өлкөдө дарыгерлердин орточо айлык акысы 26 миң сом болсо, ошол эле дарыгерлер Беларуста 80 миң сомдон ашуун маяна алышат.
“Айлык акы менен кошо дарыгерлердин статусун да жогорулатуу керек. Мисалы, Мамлекеттик ипотекалык компанияда медицина кызматкерлери үчүн өзүнчө тизме түзүлүшү зарыл. Талас облусунун губернатору жакшы демилге көтөрүп жатат – ал облуска барып иштеген медкызматкерлердин айлык акысына жергиликтүү бюджеттен 40 миң сом кошуп берүүнү убадалап жана турак жай менен камсыздаарын айткан. Ушундай демилгени башка аймактарга да таратуу керек”, – деди Чечейбаев.
Министрдин айтымында, кадр жетишсиздиги медициналык окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүн милдеттендирүүгө мүмкүн болбогонунан да келип чыгууда.
“Жылына мамлекеттик медициналык жогорку жана орто окуу жайларынан 2 миңдей студент диплом алып чыкса, алардын 200ү гана мамлекеттик ооруканаларга келет. 1800ү чет өлкөлөргө жана жеке клиникаларга кетишет. Анткени, бюджеттик орундар аябай аз, 2 миңдин 10 пайызы, демек, 200 студентке гана кайсы бир жерде иштөөнү милдеттендирүүгө укуктуубуз. Ал эми контрактык негизде окугандар өздөрүн өздөрү билишет. Биз азыр ушул маселени Билим берүү министрлиги менен сүйлөшөлү, бюджеттик орундарды көбөйтөлү деп жатабыз. Ошол эле маалда контрактык негизде окугандар акча төлөшсө деле, мамлекеттик окуу жайдан билим алышты, алардан да 3 жыл – ординатура менен интернатураны мамлекеттик ооруканалардан өткөрүүнү талап кылышыбыз керек. Ушундай демилге көтөрөлү деп жатабыз. Антпесек бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик ооруканаларга барышын камсыздай албайбыз”, - деди Эркин Чечейбаев.
