Кыргызстандык жаш окумуштуулар Италияда эл аралык сыйлыкка ээ болушту
25 июнь

Кыргызстандык жаш окумуштуулар Италияда эл аралык сыйлыкка ээ болушту

2026-жылдын 24-июнунда Римде Кыргыз Республикасынын Италиядагы Элчиси Эрмек Омуралиев Италия Республикасынын Сенатынын залында Сенатор Антонио Сальваторе Тревизинин төрагалыгы астында өткөн "ISIA Strategic Horizons: Italy-Asia Research Award" сыйлыгын тапшыруу аземине катышты. Италиянын Азия институту (ISIA) тарабынан негизделген сыйлык Италиянын Азия өлкөлөрү менен стратегиялык мамилелери боюнча мыкты изилдөөлөрдү колдоого багытталган.

Италия жана Азия континентинин бир катар өлкөлөрүнөн 30дан ашуун жаш окумуштуулар катышкан "ISIA Strategic Horizons: Italy–Asia Research Award" биринчи эл аралык сыйлыгынын жеңүүчүлөрү төмөнкүлөр болду: 1-орун – Жоомарт Надырбеков (Кыргыз Республикасы, «Түндүк» ААК эксперти, «Санарипттик Жибек жолу 2.0: Борбордук Азиянын электрондук өкмөт чөйрөсүндө Италия үчүн стратегиялык мүмкүнчүлүк» деген изилдөөсү менен); 2-орун – Темирлан Разбаев (Кыргыз Республикасы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун эксперти, «Венчурдук капитал жана технологияларды Борбордук Азияга өткөрүп берүү үчүн Италия дарбазасы катары: Кыргыз Республикасынын стратегиялык ролу» аттуу эмгеги менен); 3-орун – Айгерим Смагулова (Казакстан, «Астана Ачык Диалог» эксперти, «Италия – Казакстан: Санариптештирүү доорундагы стратегиялык өнөктөштүк» деген изилдөөсү менен). 

Иш-чаранын жүрүшүндө Элчи Э.Омуралиев мындай маанилүү сынакты уюштуруу демилгеси үчүн Италиянын ISIA институтуна жана анын өнөктөштөрүнө ыраазычылык билдирип, Италия менен Кыргыз Республикасы ортосундагы эки тараптуу кызматташууну, ошондой эле Италия менен Борбордук Азиянын ортосундагы стратегиялык диалогду бекемдөөгө олуттуу салым кошкон "мыкты think-tank институт" катары ISIAнын өсүп жатканын ролун белгиледи.

Иш-чарага Италия парламентинин жана Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, Римде аккредитацияланган дипломатиялык корпус, ошондой эле илимий жана ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрү катышты.