Кыргызстандагы ЖОЖдорго кабыл алуу беш тур менен өтөт: биринчиси 13-июлда башталат
КР Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги 2026–2027-окуу жылына Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгынын негизинде жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу турларынын графигин бекитти.
Бекитилген графикке ылайык, кабыл алуу өнөктүгү беш негизги тур менен өткөрүлөт.
Турлардын башталуу мөөнөттөрү:
- биринчи тур — 13-июлдан;
- экинчи тур — 20-июлдан;
- үчүнчү тур — 27-июлдан;
- төртүнчү тур — 3-августтан;
- бешинчи тур — 10-августтан.
Ар бир турдун алкагында абитуриенттерди каттоо, окууга сунушталган талапкерлердин тизмесин жарыялоо жана алардын тандаган жогорку окуу жайында билим алууга макулдугун ырастоо этаптары жүргүзүлөт. Бешинчи тур аяктагандан кийин бош орундар калган учурда, 22-августка чейин рейтингдик тизмелердин негизинде кошумча кабыл алуу жүргүзүлөт.
Документтерди кабыл алуу жана конкурстук тандоого катышуу «Абитуриент Онлайн» платформасы аркылуу онлайн форматта жүргүзүлөт.
Эске салсак, жогорку окуу жайларга кабыл алуу Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгынын негизинде жүргүзүлөт.
Өзгөчө учур катары искусство жана дене тарбия багыттары боюнча кошумча кирүү сынактары белгиленген тартипке ылайык өткөрүлөт.
Министрлик абитуриенттерди кабыл алуу өнөктүгүнүн ар бир этабынын мөөнөттөрүнө кылдат көңүл бурууга жана кабыл алуу боюнча макулдугун автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу өз убагында ырастоого чакырат.
