Кыргыз экономикалык университети үчүн IT Lab түзүү боюнча Меморандумга кол коюлду
17 ноябрь

Кыргыз экономикалык университети үчүн IT Lab түзүү боюнча Меморандумга кол коюлду

Бүгүн, 17-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде Бишкек шаарындагы Кыргыз экономикалык университетинде (КЭУ) IT Lab түзүү долбоорун ишке ашыруу боюнча Өз ара түшүнүшүү Меморандумуна кол коюу болуп өттү.

Меморандум Индия Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан кол коюлду.

Долбоор КЭУда заманбап санарип лабораториясын түзүүнү, аны талаптагыдай техникалык жабдуу жана инфраструктура менен камсыздоону камтыйт. IT Lab’дын ишке ашырылышы кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатууга, студенттердин санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана университеттин технологиялык базасын бекемдөөгө багытталган. Долбоорду ишке ашыруу үчүн Индия 126 миллион 600 миң сом көлөмүндө гранттык негизде каражат бөлөт.

Меморандумга Индия тараптан Индия Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бирендер Сингх Ядав, ал эми кыргыз тараптан Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозов жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков кол коюшту.