Кыргыз улуттук университети дүйнөлүк рейтингге кирди
Кыргыз улуттук университети (КУУ) биринчи жолу эл аралык QS World University Rankings глобалдык рейтингине кирди. Университет 2025-жылга карата дүйнөдөгү алдыңкы 1500 ЖОЖдун катарына кошулуп, 1201–1400 позицияны ээледи. Бул тууралуу КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев расмий билдирүү жасады.
«Бүгүн биз Кыргыз улуттук университетинин тарыхындагы өзгөчө жана кубанычтуу учурга күбө болуп жатабыз. Бул биздин университет койгон эң маанилүү максаттардын бири болчу – жана биз аны кыска убакытта ишке ашыра алдык!» – деди Чонтоев.
Анын айтымында, ийгиликке жетишүүгө бир нече фактор себеп болгон:
- “Университет 4.0” модели жана стратегиялык өнүгүү документтери кабыл алынган;
- Илимий активдүүлүк жогорулаган, Scopus жана Web of Science базаларына макала жарыялоо үчүн семинарлар өткөн;
- Эл аралык тажрыйба алынган – Казакстан, Россия, Өзбекстан, Азербайжан ЖОЖдору менен кызматташтык түзүлгөн;
- Окутуучулардын жана студенттердин мобилдүүлүгү арткан;
- Маалыматтардын так берилиши камсыздалган – бул үчүн атайын иш топ түзүлүп, QS Hub платформасына толук маалымат киргизилген.
Мунун негизинде КУУ:
- Азиядагы ЖОЖдор рейтингинде 381-орунду,
- Борбор Азиядагы рейтингде 25-орунду ээлеген.
«Бул жетишкендик – ар бириңиздердин жеке салымыңыздардын, кесипкөйлүгүңүздөрдүн жана университетке болгон чексиз берилгендигиңиздердин натыйжасы. Бул жолубуздун башталышы гана. Биз мындан ары да тынымсыз иштеп, жаңы чокуларды багынтабыз», – деп кошумчалады ректор.
КУУнун жамааты 2026-жылга чейин глобалдык рейтингде 1000 мыкты университеттин катарына кирүүнү максат кылууда.
