Тоң районунда бала бакчага барган балдардын саны 60%га жеткирилет
Ысык-Көл облусунун Тоң районунда бала бакчага барган балдардын саны 60 пайызга жеткирилет. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат.
Билдирүүгө ылайык, 5-августта райондо балдарды мектепке чейинки билим берүү менен кеңири камтууга арналган жыйын өттү.
Иш-чарада 2025-жылдын аягына чейин райондогу балдарды бала бакчага камтуунун деңгээлин 60 пайызга жеткирүү максаты коюлду.
Жолугушууга Агартуу министрлигинин өкүлдөрү, акимдин орун басары Жашымбек кызы Гүлбүбү жана төрт айыл өкмөтүнүн башчылары катышты.
Министрликтин өкүлдөрү балдарды бала бакчага кабыл алуу процесси, анын артыкчылыктары жана бала бакчага барган балдардын сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат беришти.
Өз кезегинде айыл өкмөт башчылары бала бакчалардын жетишсиздигин жоюу, жаңы орундарды түзүү жана инфраструктураны жакшыртуу багытында жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолушту.
Акимдин орун басары Жашымбек кызы Гүлбүбү жыйында сүйлөп жатып, 2025-жылдын соңуна чейин Тоң районунда бала бакчаларга камтуунун деңгээли 60 пайыздан ашарын белгиледи.
