Илим министрлиги Тажикстандын жогорку окуу жайларында окуу үчүн конкурс жарыялады
5 август

Илим министрлиги Тажикстандын жогорку окуу жайларында окуу үчүн конкурс жарыялады

Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги Тажикстан Республикасынын жогорку окуу жайларында билим алууну каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасында конкурстук 2025-2026-окуу жылына тандоону жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Тажикстан Республикасынын Билим берүү министрлигинин ортосундагы 2007-жылдын 15-мартындагы Билим берүү жаатындагы кызматташтык жөнүндө Макулдашууга ылайык, Тажикстан Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2025-2026-окуу жылына карата Кыргыз Республикасынын жарандарын Тажикстан Республикасынын жождорунда окутуу үчүн квоталык 35 орундарды бөлөт.

Конкурска Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алат.

2025-2026-окуу жылына Тажикстан Республикасынын Жогорку окуу жайларына Кыргыз Республикасынын жарандарын тандоо, документтерди кабыл алуу жана кирүү сынактары Кызыл-Кыя шаарындагы И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Кызыл-Кыя геотехнологиялар жана жаратылышты пайдалануу институтунун базасында өткөрүлөт.

Тажикстан Республикасынын жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн керектүү документтер:

1) Арыз;

2) аттестаттын же орто кесиптик билим тууралуу көчүрмөсү, түп нускасын көрсөтүү менен (2 даана);

3) ID жана эл аралык паспорттун көчүрмөсү (ар бири 2 даанадан).

4) № 086-у формадагы медициналык маалымкат.

5) № 063 формадагы медициналык маалымкат;

6) ВИЧ/СПИДдин жоктугу жөнүндө маалымкат.

7) 3х4 өлчөмдөгү сүрөт – 8 даана.

    
            <!-- /content -->
</div>

<div class=