Таш-Дөбө айылында көп жылдан бери курулуп жаткан мектеп бүткөрүлдү
Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Таш-Дөбө айылынын окуучулары жаңы мектепке барат. Билим уянын курулушу 2016-жылы башталып, кийин токтоп калган.
Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, бүгүнкү күндө заманбап талаптарга жооп берген 225 орундуу мектеп толук бүткөрүлдү.
Жалпы аянты 1760 чарчы метрди түзгөн жаңы билим берүү мекемеси 2 кабаттуу окуу корпусунан, өтмө галереядан жана спорт залдан турат.
