Айрымдары мектептерге таратылды, кээ бири басылуу алдында: быйылкы жылы окуу китептери качан берилээри айтылды
2025-2026-окуу жылы башталуу алдында турат. Бул убакта мектептердеги ата-энелер менен мугалимдин биргелешкен тайпалары активдешип, окуу жылына байланышкан маселелер талкууланууда. Анда окуу китептери азырынча берилбей турганы айтылып, электрондук китептерди колдонуу сунушталды.
КР Агартуу министрлигине караштуу "Окуу китеби" басма үйүнүн директорунун орун басары Аида Ишеналиева билдиргендей, аталган басма үйү тарабынан бир нече класстар үчүн айрым окуу китептери басылып чыкты, айрымдары даярдоо жана басылуу процессинде.
Белгилей кетсек, быйыл Кыргызстан 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн биринчи баскычында.
“30 жыл аралыгында окуу китептери көйгөй жаратып келген. Быйыл 12 жылдык билим берүүгө өтүп жатканыбызга байланыштуу “Окуу китеби” басма үйү тарабынан математика, табигый илимдер жана англис тили предметтери, окуу методикалык комплекстер иштелип жатат”, – деди ал.
Айтымында, 3-, 4-, 5-, 6-, 7-, 8-класстар үчүн анлгис тили китеби 2 миллион нускада басылып чыгып, учурда 3- жана 8-класстардын китеби республиканын бардык мектептерине таратылды. Бул кыргыз тилдүү жана орус тилдүү мектептер үчүн.
Ал эми 9-класстар үчүн англис тили китеби басылып жатат.
Математика китеби 1-2-5-7-класстар үчүн даярдалды.
Табигый илимдер боюнча 1-2-5-7-класстар үчүн басмага даярдалуу процессинде. Ушул жылдын соңуна чейин окуучулардын колуна тиет.
Ошондой эле, Аида Ишеналиева буга чейин колдонулган окуу китептеринин 12 жылдык билим берүүгө ылайык келгендеринин тизмеси түзүлгөн. Бул көбүнчө 3-4-класска таандык.
“Китептер жетишпей турган учурда басма үйү тарабынан окуу китептердин платформасы иштелип чыкты, ошондуктан окуучулар азырынча аларды онлайн жана офлайн форматында колдонуп тура алышат”, – деп кошумчалады.
