Агартуу министри: «Балага болгон мээрим, кесипке берилгендик болбосо, өзүң эле мектепти таштап кетип кал...»
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева подкасттардын бирине берген маегинде 90-жылдардагы оор учурда коммерцияга кетүүгө аракет жасап, бирок соода кылуу колунан келбегендиктен, кайра мектепке кайтканын айтты.
«Айлык жоктугунан көп мугалим базарга кетти, мен да кетип көрдүм, бирок чыдай албадым. Бишкектеги Ош базардын жанындагы дүң соода базарга эки жолу картошка ташыдым, анан кайра мугалимдик кесибиме кайттым. Анткени, биринчиден, балдардын көз карашы, күтүүсү өзгөчө касиетке ээ, экинчиден, соодагерлик мен үчүн эмес экен. Бир жолу кесиптештерим айтып калышты, «көтөрүлүш кылалы, иш таштайлы, 9 айдан бери айлык албай, кара нан жеп, карызга баттык», – деп.
Ошентип, уюштура баштаганымда, бир жумуштар менен энеме барып калдым. Менин энем да мугалим болуп иштеген. Энеме ал-жай сурашып жатып, мугалимдердин иш таштоосун уюштуруп жатканымды нааразыланып айтып калдым.
«Сенде балага болгон мээрим, кесипке болгон берилгендик болбосо, элди үгүттөбөй эле, өзүң эле мектепти таштап кетип кал. Сенден жакшы мугалим чыкпайт. Мен согуш маалында кош бойлуу экениме карабай, ат минип алып, 5 айылдын балдарына кыдырып сабак берчүмүн. Акчаны эмес, күтүп жаткан балдарды ойлочубуз. Балдар билимдүү болсун дечүбүз. Түнү машак терчүбүз. Менин бир балам жолумду жолдоп, мугалим болот десем, сенден жакшы мугалим чыкпайт окшойт. Бирок бил – адам кырылып калгыча мугалим иштейт, бул кесип өлбөс кесип», – деди. Бул сөз мага кыттай эле куюлду.
Министрдин айтымында, анын мугалимдик кесибин бир гана өз туугандары эмес, кайын журту да катуу колдоого алган. «Жыл мугалими» сынагына катышкан маалында, кайнатасы тактадан оор салмактагы көргөзмө курал жасап берсе, кайненеси ыр даярдаган.
