Аксы районунда жаңы 11 мектеп, 2 бала бакча курулуп жатат
24 июль

Аксы районунда жаңы 11 мектеп, 2 бала бакча курулуп жатат

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун аймагында бүгүнкү күндө жалпы суммасы 1 млрд 466 млн сом акча каражаты бөлүнүп, 11 жаңы мектеп жана 2 бала бакча курулуп жатат.

Райондук администрациядан билдиришкендей, анын ичинде:

1. Уч- Коргон айыл аймагынын Жар-Башы айылында 375 орундуу жаны мектеп суммасы 127 млн сом,

2. Кербен шаарынын Өлөн-Булак айылында №28 М.Шатманов атындагы жалпы орто билим берүү мектеби 225 орундуу, 61 млн сом,

3. №55 К.Абдрахманов жалпы негизги билим берүү мектеби 150 орундуу 32 млн сом

4. Ак-Суу айыл аймагындагы №12 К.Шеркулов атындагы жалпы орто билим берүү мектеби 150 орундуу 87млн сом,

5. Сары-Челек айыл аймагында №19 М.Барпиев атындагы жалпы орто билим берүү мектеби 225 орундуу 82млн сом,

6. Сары-Челек айыл аймагында А.Батыркулов ат. №43 жалпы орто билим берүү мектеби 225 орундуу 124 млн сом,

7. Ак-Жол айыл аймагында №62 Р.Темиров атындагы жалпы негизги билим берүү мектеби 150 орундуу 163 млн сом,

8. Ак-Жол айыл аймагында Ж.Мамытбеков ат. №10 жалпы орто билим берүү мектебинин кошумча корпусу 275 орундуу 168 млн сом,

9. Кош-Добө айыл аймагында №65 С.Жоробаев атындагы жалпы орто билим берүү мектеби 275 орундуу 191 млн сом,

10. Кош-Добө айыл аймагында А.Сулайманкулов ат.№33 Торук жалпы орто билим берүү мектеби 225 орундуу 144 млн сом,

11. Кара-Камыш айыл аймагында А.Молдокеев ат.№3 орто жалпы билим берүү мектеби 375 орундуу 190 млн сом,

12. УчКоргон айыл аймагында Кум айылында 100 орундуу бала бакча 57млн сом,

13. Кара-Камыш айыл аймагында Дардак-Дөбө айылындагы 50 орундуу бала бакча 40 млн сом.