Талас: Кең-Арал айылындагы мектеп 47 жылдан кийин капиталдык оңдоодон өтүүдө
24 июль

Талас: Кең-Арал айылындагы мектеп 47 жылдан кийин капиталдык оңдоодон өтүүдө

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Бакай-Ата районуна караштуу Кең-Арал айылындагы А.Арыстанов атындагы мектептин капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшүн текшерди.

640 орундуу мектеп 1977-жылы курулуп андан бери капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Жаңылоо иштери былтыр 2024-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.

Оңдоп-түзөө иштеринин алкагында мектеп толук жаңыртылып заманбап талапка жооп берет.

Бүгүнкү күндө капиталдык оңдоо иштери 78 пайызга аткарылды.