Бишкек: 6 ай мурун курулушу башталган мектептин чатыры жабылууда
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги Бишкек шаарында мектеп жетишсиздиги жаралган райондордо жана жаңы конуштарда мектептерди куруу иштерин жүргүзүүдө.
Анын алкагында:
- * Октябрь районунда – 6 мектеп;
- * Ленин районунда – 6 мектеп;
- * Биринчи Май районунда – 5 мектеп;
- * Свердлов районунда – 3 жаңы мектеп курулууда.
Алардын бири – Ак-Ордо конушунун Теңир-Тоо көчөсүндө жайгашкан 750 орундуу жаңы мектеп.
Долбоорго ылайык, мектеп заманбап талаптарга жооп берген үч кабаттуу имарат болуп, окуучулардын сапаттуу билим алуусу үчүн бардык шарттар түзүлөт. Анда окуу кабинеттеринен тышкары лабораториялар, китепкана, ашкана, жыйындар залы, эмгекке үйрөтүү кабинеттери жана бардык шарттары каралган спорт залы жайгашат.
Белгилей кетсек, мектептин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталган. Учурда үч кабаттуу имараттын негизги конструкциялары бүткөрүлүп, чатырын жабуу иштери жүрүп жатат.
