Чынара Батракеева: Быйылкы Жалпы республикалык тестирлөөдө эки олуттуу өзгөрүү бар
Быйыл Кыргызстанда Жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) бир катар өзгөчөлүктөр менен өткөрүлөт. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева билдирди.
Айтымында, ЖРТга каттоо 17-февралда башталган жана 2-апрелде аягына чыгат.
“Ар бир үч жылда тест өткөрүү конкурсу болуп турат, быйыл биздин борбор утуп алды. Андыктан ушул жылдагы жана келерки 2 жылдагы тестти өткөрүүнү биз уюштурабыз. Ага жараша каттоодо олуттуу өзгөртүү киргизилди. Мурда ЖРТга катышууну каалаган окуучу мектептеги мугалиминен же завучтан сайтка кирүүгө логин, пароль алып, андан соң гана каттала алса, быйыл Агартуу министрлигинин Э-Күндөлүк платформасы менен чогуу интеграция жүргүзүлүп, бүтүрүүчү өз алдында аталган платформа аркылуу каттала ала тургандай кылдык. Алар Э-Күндөлүккө киришет, тийиштүү тилкелерди толтуруп, сүрөт жүктөшөт. Ошону менен катталып калат. Аны менен катар өткөн жылдагы бүтүрүүчүлөргө дагы жеңилдик берилди: буга чейин алар сөзсүз түрдө райондук билим берүү бөлүмүнө барышы керек болсо, азыр биздин сайттагы атайын кнопканы басуу аркылуу катталууга мүмкүн. Андан тышкары “Түндүк” тиркемесинде да бар”, – деди Батракеева.
Ал белгилегендей, экинчи өзгөртүү – бул каттоо үчүн төлөмгө байланышкан. Мурда бүтүрүүчү каттоо акысын банк аркылуу төлөсө, бул жылы QR-код аркылуу каалаган электрондук капчыктан төлөөгө мүмкүнчүлүк берилди.
Төлөм – 470 сом. Чынара Батракееванын айтымында, бүтүрүүчүлөрдүн төлөмү тест борборлорун уюштурууга, тестте даярдануу үчүн китепчелерди чыгарууга, тест тапшырмаларын түзүүгө жана аны басмадан чыгарууга, тест борборлоруна 14-15 адамдан турган команданы жөнөтүүгө ж.б. чыгымдарга кетет.
“Биздин убакта окууга тапшыруу үчүн шаарга жайында келип, бир жарым-эки ай бул жакта болчубуз. Жол кире, бул жактагы жашоого бир топ каражат кетчү. А азыр 470 сом төлөп коюп, үйүнүн жанындагы тест борборуна барып тапшырышат, анын жыйынтыгынын негизинде Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин платформасына кирип, окуу жайды жана кесипти тандап, кнопканы басып коюшат дагы, үйүнөн чыкпай отуруп, студент болуп калышат”, – деди.
Ал кошумчалагандай, былтыр өлкө боюнча ЖРТга 57 миңден ашуун бүтүрүүчү катышкан, быйыл дагы ушул сандын тегерегинде катышуучу болоору күтүлүүдө. Ал эми учурда 50го жакын бүтүрүүчү каттоодон өттү.
