Бакай-Ата районунда 140 орундуу бала бакча курулууда
24 июль

Бакай-Ата районунда 140 орундуу бала бакча курулууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында, Бакай-Ата районуна караштуу Кең-Арал айылында курулуп жаткан бала бакчанын курулуш иштеринин журүшү менен таанышты.

Бала бакчанын курулушу 2024-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.

Курулуш-монтаждоо иштерин “Азия ИнвестСтрой” ЖЧКсы аткарууда.

Долбоор ыйлайык, эки кабаттуу 140 орунга ылайыкталган заманбап имарат курулат.