Кыргызстандын билим берүү тармагында 300 миңден ашык адам иштейт
Сүрөт ачык булактардан алынды
10 август

Кыргызстандын билим берүү тармагында 300 миңден ашык адам иштейт

Кыргызстанда билим берүү тармагында иштегендердин саны 2025-жылы 300,1 миң адамга жетти.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, бул өлкө экономикасында иштегендердин жалпы санынын 10,7 пайызын түзөт.

2021-жылы билим берүү тармагында 238,5 миң адам эмгектенген. Ошентип, төрт жылдын ичинде бул көрсөткүч 61 миңден ашык адамга көбөйгөн.

Өсүү жыл сайын байкалган. Тактап айтканда, 2022-жылы — 247,2 миң, 2023-жылы — 261,5 миң, 2024-жылы — 280,9 миң адам билим берүү тармагында иштеген.

Ал эми саламаттык сактоо жана социалдык тейлөө тармагында 2025-жылы 129,5 миң адам иштеген. 2021-жылы бул көрсөткүч 106 миң адамды түзгөн.